Түркия менен Орусиянын ортосунда көптөгөн келишимге кол коюлат
Эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмү жүз миллиард долларга жеткирилет.
![Түркия менен Орусиянын ортосунда көптөгөн келишимге кол коюлат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/5537465328zeybekci.jpg?time=1718864224)
Экономика министри Нихат Зейбекчи 1-декабрда Анкарага келе турган Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын алдында орус кесиптеши менен тарыхый маанидеги 5 беренелик келишимге кол кое тургандарын айтты.
Нихат Зейбекчи Люксембургдан кийин Орусиянын борбор шаары Москвага барды.
Орусия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев менен жолугушкан Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи түрк жана орус тышкы соодасынын алдындагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн эки өлкөнүн жооптууларынын ортосунда бир канча сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн билдирди.
Зейбекчи сүйлөшүүлөрдүн максаты тышкы соодада жүз миллиард доллардык максатка жетүү экенин айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718864225)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718864225)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.