Стамбулда дагы бир иш-чара өтүп жатат
Иш-чарага 102 өлкөдөн 7 миң ишкер катышууда.
Стамбулда Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коому MÜSİADдын 15-Эл аралык жарманкеси президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан ачылыш аземи менен башталды.
Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коому MÜSİADдын 15-Эл аралык жарманкеси катышуучу фирмаларды 1000 чарчы метрдик аянтка жайылган 8 залда жолугуштурат.
Жарманкеге 102 өлкөдөн 7 миң ишкер катышууда.
Ислам дүйнөсүнүн лидерлеринин катышуусунда уюштурулган жана быйыл «Парадигманын оош-кыйышы, жаңы финансылык багытталыштар» деген теманын астында чогулган 18-Эл аралык ишкерлер форумунун конгресси менен бир убакта өткөрүлгөн Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коому MÜSİADдын 15-Эл аралык жарманкеси 30-ноябрга чейин уланат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719165994)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719165994)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.