Түркия экспорту эң ылдам өскөн өлкөлөрдүн бирөөсү

Экономика жыйынынын бешинчиси Шанлыурфада өттү

206002
Түркия  экспорту эң ылдам өскөн өлкөлөрдүн бирөөсү

Түркия дүйнөдөгү жана Жакынкы Чыгыштагы маселелерге карабастан экспорту эң ылдам өскөн өлкөлөрдүн бирөөсү.
Экономика министри Нихат Зейбекчи бул аныктаманы ишкерлердин маселелерин уккан «Шанлыурфа экономика жыйынында» айтты. Экономика министрлиги 2023 - жылы жетилүүсү пландалган 500 миллиард долларлык экспорт максаты үчүн иштерин болгон ылдамдыгы менен улантууда. Бир топ аймакта өткөргөн экономика жыйындары менен ишкерлер жана өнөр жайчыларды экспортко багыт алуулары тууралуу маалымат берген министрлик экономика жыйынынын бешинчисин Шанлыурфада өткөрдү. Экономика министр Нихат Зейбекчи жыйында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын экспор тармагындагы ийгилигине көңүлдөрдү бурду. Зейбекчи Орусия жана Украина кризисине, Ирак, Сирия, Ливия жана Египеттеги абалдарга карабастан экспорттун өскөнүн баса белгиледи. Ишкерлердин өкмөттөн талабы колдоо мыйзамынын мөөнөтүнүн узарытлуусу болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар