Көгүлтүр агым

Түркия менен Орусия "Көгүлтүр агымдын" көлөмүн арттырууда.

206382
Көгүлтүр агым


Жылдык газ көлөмү 16 миллиард куб метрден 19 миллиард куб метрге көбөйөт.
Орусия менен Түркия «Көгүлтүр агым» газ кууру менен газга болгон талапты жылына 3 миллиард куб метрге арттырылуусун жактагандарын тастыкташты.
Москвада Орусия менен Түркиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынан кийин маалымат берген Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Түркиянын газдын көлөмүн арттырууну каалаганын сөз кылганын билдирди.
Новак Газпром менен БОТАШтын техникалык жана экономикалык параметрлер боюнча иштеп жаткандарын айтты.
Бул учурда Орусиянын РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, Москвага барган Түркиянын энергетика жана табигый ресурстар министри Танер Йылдыз Орусиядан газдын баасын арзандатуусун өтүнгөндөрүн жана бул талапты Мосвкага билдиргендерин айтты. Танер Йылдыз Орусиянын бул талапка оң жооп берээрин ойлогондорун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар