Чоң жыйырманын жыйынына карай
Австралиянын Брисбин шаарында боло турган Чоң жыйырманын саммитинде Түркия кезектешкен төрагалкты өткөрүп алат.
188053
Дүйнөлүк лидерлер 15-ноябрда Чоң жыйырма (G-20)жыйынында жолугушат.
Австралиянын Брисбин шаарында боло турган саммитте Түркия кезектешкен төрагалкты өткөрүп алат.
Бул жерде дүйнөлүк лидерлер менен жолугуша турган премьер-министр Ахмет Давутоглу, кезектешкен төрага катары Түркиянын глобалдык экономика башкаруусуна кошо турган салымдары багытында маанилүү маалыматтарды берет.
Эки тараптуу жолугушууларды да өткөрө турган лидерлер, саммитте экономикалык өсүүнүн колдоого алынышы менен катар бир топ өлкөнүн чечүүгө аракет кылган жумуш оруну маселеси менен глобалдык экономиканын кризистерге каршы туруктуулугун арттыруу сыяктуу темаларды сүйлөшүшүөт.
Шаардын төрт тарабына Чоң жыйырманы таанытуучу желек жана афишалар илинди.
Өзгөчө АКШнын президенти Барак Обама,президент Режеп Таййип Эрдоган жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин фотосүрөттөрү орун алган афишалар дагы көп көңүл бурууда....Чоң жыйырманын алгачкы жыйыны 2008-жылы глобалдык финансылык кризиске каршылык көрсөтүү катары өткөрүлгөн.Арасында Орусия, Кытай,Франция,Индонезия,Түштүк Африка Республикасы жана Индия да орун алган 19 өлкө жана Африка Биримдигинен турган Чоң жыйырманын Лидерлер саммити ушул убакка дейре 8 жолу чогулду.Түркиянын кезектешкен төрага болушу менен Чоң жыйырманын финансы министрлери жана Борбордук банктардын төрагаларынын жыйналыштары жана ошондой эле Чоң жыйырманын Лидерлер саммити алдыбыздагы жылда Түркияда өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719105655)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719105655)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.