Аба жүргүнчүлөрүнүн саны өстү

Жүргүнчүлөрдүн саны октябрда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайыз өстү.

181955
Аба жүргүнчүлөрүнүн саны өстү

Аба жүргүнчүлөрүнүн саны өстү.
Түркиядагы аэропорттордон учкан жүргүнчүлөрдүн саны октябрь айында 15 миллион 215 миң 940, жылдын 10 айында болсо 144 миллион 28 миң 880 киши болду.
Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын башкы директорлугу, октябрь айына таандык жүргүнчү жана учак каттамдары көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Жүргүнчүлөрдүн саны октябрда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайыз өстү. Ички каттамдардын жүргүнчү саны 8,8 пайыз жогорулап 7 миллион 461 миң 523, тышкы каттамдардын жүргүнчү саны 4,5 пайыз өсүп 7 миллион 754 миң 417 болду.
Көрсөткүчтөргө караганда жүргүнчүлөрдүн 48 пайызы Стамбулдагы «Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунан өттү.
Жүргүнчү каттамдары менен катар жүк транспортунда да өсүү болду.
Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 10,8 пайыздык өсүү менен 2 миллион 462 миң 507 тонна жүк ташылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар