Украина менен Орусия газ темасында макулдашты

Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.

176156
Украина менен Орусия газ темасында макулдашты

Украина менен Орусия газ темасында макулдашты.
Эки тарап кыш мезгилинде Украинага үзгүлтүксүз газ жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн келишимге Брюсселде Европа Биримдигинин көзөмөлүндө кол коюшту.
Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Хосе Мануэль Барросу келишим тууралуу: «Эми европалыктардын кышында газсыз калуудан коркуусу үчүн бир себеп калган жок»,- деди.
Келишимге ылайык Киев келээрки жылдан тарта 1000 куб метр газ үчүн 365 доллар төлөйт.
Украина айрыкча Орусияга болгон газ карызынын 1 миллиард 450 миллион долларын дароо берет. Киев ушул жылдын аягына чейин Москвага дагы 1 миллиард 650 миллион доллардык төлөм төлөйт.
Европа Биримдигинин Украинага бул карыздарын төлөй алуусу үчүн насыя берүүсү күтүлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар