Түркиянын туризм кирешелери өсүүдө

Түркия туризм кирешеси тизмелөөсүндө 12-орунда.

175371
Түркиянын туризм кирешелери өсүүдө

Түркиянын туризм кирешелери маанилүү өлчөмдө өсүүдө.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик Дүйнөлүк туризм уюмунун 2014-жылдын август айындагы барометрине караганда Түркиянын 2013-жылы туризм кирешелерин 13 пайыз арттырып, туризм кирешеси тизмелөөсүндө 12-орунга жогорулаганын айтты.
Өмер Челик Италиянын Европа Биримдигинин кезектешкен төрагасы болушунун себебинен Наполиде өткөн Европа Биримдигинин маданият жана туризм министрлеринин кеңейтилген расмий эмес жыйындарына катышты.
Кесиптештери менен болгон сүйлөшүүсүндө Челик: «Биздеги маданий мурастарга карай стратегиялар менен маданий мурастын жалгыз гана соодалык элемент катары кабыл алынышынын алдын алууга аракет кылуудабыз»,-деди.
Министр Челик келген туристтердин жалгыз эле туризм секторундагы жумушка эмес, маданий индустриядагы жумуш процессине да салым кошуусунун максатталганын баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар