Түркиянын экономикасы өсүүдө
Түркия өсүү көрсөткүчтөрүндө Европа жана OECD өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат.
Вице-премьер Али Бабажан Измирде ал эми экономика министри Нихат Зейбекчи Самсунда Түркиянын өсүү көрсөткүчтөрүнө баа беришти.
Вице-премьер Али Бабажан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Измирдеги областтык кеңешүү уюму ассамблеясында, татаал процесске карабастан өткөн жылы Түркия экономикалык өсүүдө Европа биринчиси болгонун айтты.
Экономика министри Нихат Зейбекчи болсо Самсунда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жыйынында Түркиянын акыркы 12 жылдагы өсүүсүн түшүндүрдү.
Зейбекчи «Түркия 12 жылдан бери жылына 5,1 пайыз өсүүдө. Ушундай өсүү көрсөткөн дүйнөдөгү беш өлкөдөн бирибиз. OECD өлкөлөрү б.а 46 өлкөнүн ичинде биринчибиз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718937266)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718937266)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.