Азиянын экономикалары жаңы кадам таштады

Пекинде өткөрүлгөн аземде 22 Азия өлкөсү келишимге кол койду.

169831
Азиянын экономикалары жаңы кадам таштады

Азиянын экономикалары дүйнө менен жарышуусун улантууда.
Азиянын инфраструктура инвестиция банкы үчүн Кытайдын борбор шаары Пекинде өткөрүлгөн аземде 22 Азия өлкөсү келишимге кол койду.
Кытай жана Индия сыяктуу материктин алдыңкы глобалдык күчтөрү менен катар кичине экономикаларга ээ болгон өлкөлөрдү да камтыган банктын максаты Азия материгинде автожолдорду, темиржолдорду, энергетика ишканалары жана байланыш торлорунун курулушу үчүн финансылык булакты камсыздоо катары жарыяланды.
Бирок көрүнгөн максаты Азия материгинде базис инвестицияларын колдоого алуу болсо дагы негизги максаты батыш экономикасынын аймактагы гегемониясын сындыруу экендиги белгилүү.
Америка башкаруучулугунун Дүнйөлүк банк турганда керексиз жүрүш деп каршы чыккан киришүүсүнө Вашингтондун материктеги шериктештери Япония, Түштүк Корея жана Австралия орун албайт.
Азиянын инфраструктура инвестиция банкы башкы этапта чоң бөлүмү Кытай тарабынан камсыздала турган 50 миллиард Америка долларындай капитал менен иш-чараларын баштайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар