Түркияда саат жебеси артка жылат

Сааттын жебеси 26-октябрда 4төн тарта 1 саатка артка жылдырылат.

166179
Түркияда саат жебеси артка жылат


Түркияда 1925-жылы чыгарылган мыйзамга ылайык ишке ашырылып келе жаткан жайкы мезгилге өтүү тартиби 26-октябрь жекшемби күнү аяктайт.
Күндүн нурунан дагы көп пайдалануу максатында 31-март дүйшөмбү күнү 3:00төн тарта бир саат алдыга жылган сааттын жебеси бул жолу 26-октябрь жекшемби күнү 4:00төн тарта 1 саат артка жылат.
Түркияда жакы мезгилге өтүү тартиби жазында башталып күзүндө аяктайт. Ушундайча бул ишке ашыруу 7 айга созулат.
Сааттарды жылдыруу аркылуу 800 миллион-1 миллиард киловаттсаат электр энергиясы үнөмдөлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар