Тышкы соода көрсөткүчтөрү
Түркиянын статистика мекемеси тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Түркиянын экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыз өстү.
Тышкы соода таңкыстыгы болсо 13,5 пайыз жогорулады.
Көрсөткүчтөргө ылайык экспорт августта өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыз өсүп, 11 миллиард 440 миллион долларга жетти.
Импорт болсо 7 пайыз өсүп 19 миллиард 476 доллар болду.
Август айында тышкы соода таңкыстыгы 13,5 пайыз өсүп, 7 миллиард 80 миллион доллардан 8 миллиард 36 миллион долларга жетти.
Январь-август айларында болсо тышкы соода таңкыстыгы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайыз төмөндөдү.
Август айында Европа Биримдигине экспорт 10 пайыз өсүп, эң көп экспорт кылынган өлкө Германия болду.
Иракка жасалган экспорт да 8 айда 5 пайыз төмөндөп 7 миллиард долларга азайды.
Экспортто биринчи орунду 2 миллиард 257 миллион доллар менен Кытай ээледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.