НАСА жаңы космостук кемелерди сатып алат

Бул иш-чара үчүн 6 миллиард 800 миллион доллар каражат бөлдү.

129440
НАСА жаңы космостук кемелерди сатып алат

Американын космостук агенттиги НАСА маанилүү кадам таштады.
НАСА космонавттарын орбитага ташый турган жаңы космостук кемелерин SpaceX жана Boeing фирмаларынан сатып алат.
НАСА бул иш-чаралар үчүн 6 миллиард 800 миллион доллар каражат бөлдү.
НАСАнын жетекчиси Чарльз Болден, космонавттарды космоско Американын жерлеринен АКШнын космостук кемеси менен жиберүүгө дагы бир кадам жакындагандарын айтты.
АКШ 2011-жылы өздөрүнө таандык космостук кемелерди учурууну токтоткондон бери, космонавттарын Эл аралык космостук станцияга жиберүү үчүн Орусияга көз каранды болуп келе жаткан. НАСА ар бир космонавт үчүн 70 миллион доллар төлөөдө.
Ушул көз карандылыкты жоюу үчүн ишке киришкен НАСА SpaceX жана Boeingге космостук кемелерди куруусу үчүн 6 миллиард 800 миллион доллардык бюджет бөлдү.Boeing 4 миллиард 200 миллион доллар, SpaceX болсо 2 миллиард 600 миллион доллар алат.
Бул фирмалар экипаждын жети мүчөсүн ташый турган кемелерди 2017-жылдын аягына чейин куруп бүтүрүүсү керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар