Күндүн энергиясы менен жүргөн автоунаа
Түндүк Кипрде өндүрүлгөн унаа Жакынкы Чыгыш университетинде долбоорлонду.
Түндүк Кипр Түрк Республикасында өндүрүлгөн күндүн энергиясы менен жүргөн автоунаа таанытылды.
«RA 25» аттуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын алгачкы күндүн энергиясы менен жүргөн унаасы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде долбоорлонду.
Толугу менен күндүн энергиясы менен жүргөн жана 1800 ватт күчүндөгү моторго ээ «RA 25» аттуу унаанын ылдамдыгы 150 километрге чейин жетет.
Узундугу 5 метр жана эни 2 метрдей болгон унаанын артка жана алдыга жылдыруучу бирден гана ылдамдык системасы бар.
Унаанын дагы бир өзгөчөлүгү болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасы деген үлгүсүндө болушу.
Бул унаа 27-сентябрда Эл аралык автомобиль федерациясы FIA тарабынан уюштурулган Түштүк Африкадагы күндүн энергиясы менен жүргөн унаалардын жарышында Түндүк Кипр Түрк Республикасын өкүлдүк кылат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718879489)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718879489)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.