Түркияда турист саны өсүп баратат

Бодрум, Мармарис жана Фетхиени ичине алган Мугла областынын 102 көк желек пляжы туристтердин эң маанилүү тандоолорунун арасында орун алууда.

117183
Түркияда турист саны өсүп баратат

Түркиянын 1484 км узун жээк тилкесине ээ болгон, табият кооздуктары менен атактуу туризм борборлору-Бодрум, Мармарис жана Фетхиени ичине алган Мугла областынын 102 көк желек пляжы туристтердин эң маанилүү тандоолорунун арасында орун алууда.
Туризмдин түрдүүлүгү, маданий байлыктары жана укмуш табияты менен жергиликтүү жана чет элдик конокторго унутулгус эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган Мугланын пляждарында жыл сайын дагы көп көк желек желбиреп, аймакка келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк турист саны көбөйүүдө.
Антальядан кийин 102 пляж жана 7 маринасы менен эң көп көк желек сыйлыгын алган туризм аймагы Мугла, плаяждары жана мариналарына келген туристтердин коопсуз түрдө деңизге киришин камсыздайт. Көк желек сыйлыгына ээ болгон пляждар жана мариналарда талап кылынган критерийлер жазылган панелдер жайгаштырылып пляждардан жана мариналардан пайдаланган туристтерге да ишеним берүүдө.
Өлүдеңиздеги Бабадаг тоосунан 1900 метрден секирип жүрөктөрү опколжуган туристтер, бир тараптан Акчапынарда серфинг аянтында парашюттары менен серфингдин толкундантуусун көрүүдө... Аймакта орун алган 56 чумкуу мектебинен жылына орто эсеп менен 120 миң киши сууга чумкуу туризмине катышууда.
195 уранды жери болгон Муглада казуу иштери да уланууда жана табылгалар музейде көргөзмөгө коюлууда. Музей жана уранды жерлерди орто эсеп менен 1 миллион киши кыдырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар