Дүйнөнүн эң чоң 1000 банкы
Дүйнөнүн эң чоң банктарынын арасында 18 түрк банкы орун алды.
«The Banker» журналы жарыялаган дүйнөнүн эң чоң 1000 банкынын тизмесинде Түркиядан быйыл 18 банк орун алды.
Дүйнөдөгү бардык банктар жана финансы борборлорунун ортосундагы байланышты камсыздаган жана 1926-жылдан бери жарыяланып келе жаткан «The Banker» журналы июль айындагы чыгарылышында дүйнөнүн эң чоң 1000 банкынын тизмесин жарыялады.
Буга ылайык, Түркияда алгачкы үч банктын тизмеси өзгөргөн жок жана İş Bank, Akbank, Garanti Bank деп белгиленди.
ING Bank Türkiye, HSBC Bank Türkiye, Bank Asya, Kuveyt Türk Katılım Bankası, Şekerbank, Odea Bank, Anadolubank жана AlBaraka Bank Türkiye да негизги капиталдарынын көлөмүнө жараша тизмеде орун алышты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.