Түркия-Япония экономикалык өнөктөштүгү түзүлөт
Эки өлкөнүн экономика министрлери сүйлөшүүлөрдүн сентябрь айында башталышы темасында макулдашышты.
Түркия Япония менен соодалык карым-катнаштарын экономикалык өнөктөштүк деңгээлине жеткирүүгө чечим чыгарды.
Эки өлкөнүн экономика министрлери сүйлөшүүлөрдүн сентябрь айында башталышы темасында макулдашышты.
Экономика министри Нихат Зейбекчи январь айындагы Япония сапарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин буйругу менен күн тартипке келген Экономикалык өнөктөштүк келишиминин техникалык сүйлөшүүлөрү аяктаганын билдирди.
Зейбекчи «Түрк-япон ишкердик форуму» аттуу делегациялар аралык жолугушуудан кийин Япониянын өнөр жай, соода жана экономика министри Тошимицу Мотеги менен бирге журналисттерге маалымат берди.
Зейбекчи: «Бүгүн бул жерде сүйлөшүүлөр процессине да ниет катары сентябрь айында баштоо үчүн макулдаштык, буларды сүйлөштүк. Мен бул жолугушуулардан кийин түрк-япон карым-катнаштарынын үчүнчү өлкөлөргө да чагылышып, үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык кылынып эселенип өсө турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.
Конок министр Мотеги болсо өзүнүн Түркияга келген Япониянын алгачкы экономика министри болгонун эске салып, бүгүн аткарылган 2 жыйналышка жана жетишилген илгерилөөгө ыраазы болгонун белгиледи. Мотеги сүйлөшүүлөрдүн ушул жылдын ичинде башталуусу үчүн макулдашылганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.