Түркия менен UNDP ортосундагы келишим

КМШ аймагынын өнүктүрүлүшү үчүн 5 жыл күчүндө боло турган 15 миллион доолардык кызматташтык келишими түзүлдү.

101873
  Түркия менен UNDP ортосундагы келишим

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү боюнча программасы менен Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги аймагынын өнүктүрүлүшү үчүн 5 жыл күчүндө боло турган 15 миллион доолардык кызматташтык келишимине кол койду.
Келишимге Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү боюнча программасынын төрайымы Хелен Кларк жана Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу кечээ Стамбулда кол коюшту.
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү боюнча программасынын аймактык кеңсеси да жакынкы убакта Стамбулда ачылмакчы.
Давутоглу Стамбулда салына турган үчүнчү аэропорттун да пайдубалынын түптөлүшү менен шаардын дүйнөнүн эң маанилүү борборлорунан бири боло турганына көңүл буруп: “Борбору орун алган эл аралык уюмдар чоң мүмкүнчүлүк табышат. БУУ үчүн бул маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт”,-деди.
Кол коюу аземинен кийин тышкы иштер министр Давутоглу ТИКА жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү боюнча программасы биргелеше уюштурган Эл аралык өнүгүү кызматташтыгы конференциясында сөз сүйлөдү.
Давутоглу Түркиянын тышкы саясат стратегиясынын башкы омурткасын өнүгүүгө карай жардамдар түзгөндүгүн айтты.
Ушул алкакта ТИКАнын дүйнөдө марка абалына айланганын белгилеген Давуоглу: “Африкада ачылган ар бир кудукта, ар бир ооруканада, ар бир катаракт операциясында адамдар ТИКА менен бирге Түркияны жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү боюнча программасын эстеп жатышат”,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар