Өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү 4,6 пайыз өстү.
Өнөр жай өндүрүшү өстү.
Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө ылайык өнөр жай өндүрүшү быйыл апрелде өткөн жылдын ушундай эле айына салыштырмалуу 4,6 пайыз өстү.
Өндүрүштүн 3,9 пайыз өсүшү күтүлүп жаткан эле.
Өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү басымдуу түрдө кенчилик жана таш иштетүү сектерунда көрүндү. Анын катнашы 9,3 пайыз болду.
Бул эки сектордон кийин өндүрүш сектору, электр, газ, буу жана климаттандыруу өндүрүшү жана таркатылышы сектору орун алды.
Түркиянын статистика мекемеси финансылык инвестиция каражаттарынын май айына байланыштуу реалдуу сектордогу киреше катнашын жарыялады.
Буга ылайык өткөн айда эң жогорку реалдуу киреше Биржа Стамбул-100 индексинде аткарылды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.