Түркия суу продукциялары жагынан рекордго жетишүүдө

Европада дастарконго келген ар 4 балыктан бири Түркиядан чыгат.

85472
Түркия суу продукциялары жагынан рекордго жетишүүдө

Европалыктар дыйкан чарбада өстүрүлгөн түрк леврек жана чипура балыгын абдан жактырышты.
Түркия балык өстүрүү тармагында дүйнө гиганты Норвегиядан кийин Европада экинчи орунга чыкты.
Измирде ачылган суу продукциялары жарманкесинде бул сектордун потенциясы дагы бир жолу көрсөтүлдү.
Түркия суу продукциялары жагынан рекордго жетишүүдө.
Балык чарбасынын саны 2250гө, ал эми өндүрүү болсо 233 миң тоннага жетти.
Балык чарбасындагы өндүрүү 10 жылда 6 эсе өстү. Европада дастарконго келген ар 4 балыктан бири Түркиядан чыгат.
Фирмалар көлөмдөрүн чоңойто башташты. Дүйнөлүк суу продукцияларын өндүрүүдө үчүнчүбүз. Алабалык өндүрүүдө биринчибиз. Европанын суу продукцияларын өндүрүүсүндө экинчи орундабыз.
Суу продукциялары жана технолгиялары Измирдеги эл аралык жарманкеде көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.
Түркия, 2014-жылы суу продукцияларын экспорттоодон 2 миллиард 300 миллион доллар киреше күтүүдө.
Жарманке эртең дагы ачык болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар