Макрон Израилди Рафахка кол салууларды токтотууга чакырды

Макрон X социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.

2144866
Макрон Израилди Рафахка кол салууларды токтотууга чакырды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин Рафахка кол салууларын токтотуу керектигин айтты.

Макрон X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Израилдин Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) Рафахтагы лагерин бомбалаганына "каарданганын" маалымдады.

Бул кол салуулардын токтотулушу керектигин баса белгилеген Макрон, Рафахта палестиналык жарандар үчүн коопсуз аймактын жок экенине көңүл буруп, тез арада ок атышууну токтотуу жана эл аралык укукка урмат көрсөтүү чакырыгын салды.

Израиль, Эл аралык адилет сотунун кол салууларды токтотуу чечимине карабастан кечээ Газа тилкесиндеги Рафах шаарында жер которгон палестиналыктардын чатырларына кол салып, кол салууда кеминде 40 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар