Индияда жарылуу болду

Индиянын Махараштра штатындагы бир заводдо болгон жарылуудан жана андан кийинки өрттөн 9 киши каза болду.

2143838
Индияда жарылуу болду

Индиянын Махараштра штатындагы бир заводдо болгон жарылуудан жана андан кийинки өрттөн 9 киши каза болду.

Тхане округунун расмий өкүлү Сачин Сежал Press Trust of India маалымат агенттигине өрттүн чыгышына химиялык заводдун казанындагы жарылуунун себеп болгонун айтты.

Сежал окуяда 9 кишинин каза болгонун, 64 кишинин жараланганын белгиледи.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттү көзөмөлгө алып, жарылуунун себеби боюнча иликтөө иштери башталды.

 



Тектеш кабарлар