Балык майынын пайдалары жана зыяны

Балык майын үзгүлтүксүз колдонуу дени сак адамдарда инсульт жана жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырышы мүмкүн экендиги аныкталды.

2143230
Балык майынын пайдалары жана зыяны

Балык майын үзгүлтүксүз колдонуу дени сак адамдарда инсульт жана жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырышы мүмкүн экендиги аныкталды.

Эл аралык изилдөөчүлөр Британиянын Biobank биомедициналык маалымат базасынан 40 жаштан 69 жашка чейинки 415 миңден ашуун адамдын ден соолугу тууралуу маалыматты изилдеп,  12 жыл бою байкоо жүргүзүштү.

Изилдөөчүлөр маалымат базасына катталган кишилердин үчтөн бир бөлүгүнүн үзгүлтүксүз балык майын колдонгондугун белгилешти.

Балык майынын жүрөк оорусу бар кишилер үчүн пайдалуу болгондугун белгилеген изилдөөчүлөр бул кошулмаларды жүрөгү жакшы кишилерде инсульт жана жүрөк оорусунун рискин жогорулатарын айтышты.

Изилдөөчүлөр жүрөк оорусу жок кишилерде балык майын үзгүлтүксүз колдонуунун дүлөйчөлөрдүн фибрилляциясынын (жүрөктүн дүлөйчөлөрүнүн аритмиясынын) пайда болуу коркунучунун 13 пайызга, инсульттун 5 пайызга жогорулашына алып келгенин белгилешти.

Окумуштуулар жүрөк оорулары менен жабыркагандар балык майын үзгүлтүксүз колдоно турган болсо дүлөйчөлөрдүн фибрилляциясынын инфарктка айлануу коркунучун 15 пайызга жана жүрөк оорусунан өлүм коркунучун 9 пайызга азайтарын ортого салышты.

Изилдөөнүн жыйынтыктары "BMJ Medicine" журналында жарыяланды.

 

 



Тектеш кабарлар