Түштүк Корея бир жүк ташуучу кемени конфискациялады

Түштүк Корея БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата санкцияларын бузду деген шектенүү менен бир жүк кемесин конфискациялады.

2154494
Түштүк Корея  бир жүк ташуучу кемени конфискациялады

Түштүк Корея БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата санкцияларын бузду деген шектенүү менен бир жүк кемесин конфискациялады.

Түштүк Кореялык жетекчилер Корея кысыгынын жакындарында 3 миң тонналык  жүк кемесин конфискациялады.

Чет элдик желек илинген жүк кемесинин  10 кишилик экипаж менен Түндүк Кореянын ортомчулугу менен Россиядан Кытайга көмүр жана темир  ташыгандыгы айтылды.

Тышкы иштер минеистрлигинин бул тууралуу билдирүүсүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата санкцияларды бузду деген шектенүү менен кемени конфискациялагандыгы, эл аралык мыйзам жана өлкөнүн мыйзамы боюнча керектүү кадамдардын ташталары айтылды.

Сөз болуп жаткан кеме өлкөнүн түштүгүндөгү Пусан шаарынын жээгине алып барылды.

Түштүк Корея да март айынын аягында Түндүк Кореядан жолго чыгып Россияга багыт алган DEYI аттуу жүк ташуучу кемени Йосу шаарынын жакындарында конфискациялады.

 

 



Тектеш кабарлар