Хуситтер кемеге кол салуу көрүнүштөрүн жарыялады

Хуситтердин  аскердик катчысы Яхя Сери 13 -  июнда социалдык медиа эсебинен  «Израиль портторуна кирүүгө тыюу салуу» чечимин бузду деген негиз менен бутага алган кеменин сүрөттөрүн жарыялады.

2154336
Хуситтер кемеге кол салуу көрүнүштөрүн жарыялады
yemen husi gemi saldiri.jpg

Йеменде Иран колдогон хуситтер Кызыл деңиз аркылуу Израилге өтүп баратканда чөктүргөн Тутор аттуу кемеге кол салууда тартылган кадрларды бөлүштү.

Хуситтердин  аскердик катчысы Яхя Сери 13 -  июнда социалдык медиа эсебинен  «Израиль портторуна кирүүгө тыюу салуу» чечимин бузду деген негиз менен бутага алган кеменин сүрөттөрүн жарыялады.

Сери грек фирмасына таандык Либерия желектүү кемеге "2 куралдуу капитансыз деңиз унаасы менен кол салуу болгондугун" белгиледи.

Яхя Сери : "Мындан да чоң келет, бизде ашыкчасы менен бар", - деди.  

Тутор деп аталган кеменин негизги палубасына жана ортоңку бөлүгүнө жасалган кол салуу орун алган каттоолор кеменин чыгымынын  көлөмүн ортого салууда. 

Кеменин зыян тартуудан улам 18-июнда чөккөндүгү билдирилди. 

Хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына каршылык көрсөтүү үчүн  2023 -  жылдын  31 -  октябрынан бери Йемен жакындарында израилдик фирмаларга караштуу экендиги белгиленген соода кемелерин конфискациялап, айрымдарына да учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен кол салууда. 

 



Тектеш кабарлар