АКШнын коргоо министри Израилдин коргоо министри менен сүйлөштү

Остин Газадагы гуманитардык жардам операциялары жана аскердик операцияларды бири биринен бөлүп турган бир механизмдин курулушу керектигин айтты.

2143319
АКШнын коргоо министри Израилдин коргоо министри менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен телефон аркылуу  Газадагы абал тууралуу сүйлөштү.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Пэт Райдердин  телефон аркылуу сүйлөшүүгө байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматына  караганда тараптар Газадагы абал жана аймакка гуманитардык жардамдын көбөйүшүн сүйлөшүштү.

Ушунун негизинде Остин Израиль өкмөтүн Рефах чек ара капкасынын кайрадан ачылышы жана Керим Эбу Салим чек ара капкасы аркылуу кайрадан гуманитардык жардамдардын кире башташы үчүн Ешипет менен сүйлөшүүлөрдү акырына чыгарууну колдоду. 

Остин Газадагы гуманитардык жардам операциялары жана аскердик операцияларды бири биринен бөлүп турган бир механизмдин курулушу керектигин айтты. 

Сүйлөшүүдө АКШнын Израилди колдоо боюнча убадасы да кайталанды.

Остин ошондой эле АКШнын Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Керим Хандын израилдик лидерлерди камоого ордер берүү өтүнүчүнө каршы экенин эске салды.

 

 

 



Тектеш кабарлар