Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2142405
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 647ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясы акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы аймактарында «5 кыргын» жасап 85 палестиналык каза тапты, 200 киши да жараланды.

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 647ге, жаралуулардын саны 79 миң 852ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээктеринде дагы деле өлүктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы маалымдалды. 


Этикеткалар: #Израилдин Газага

Тектеш кабарлар