БУУ Украина тынчтык саммитине байкоочу катары катышат

Денис Браун БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Украинадагы гуманитардык жардам аракеттерине баа берди.

2153190
БУУ Украина тынчтык саммитине байкоочу катары катышат

Бириккен Улуттар Уюму Украина тынчтык саммитине “байкоочу” катары катышат. БУУнун Украинадагы гуманитардык жардам координатору Денис Браун БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Украинадагы гуманитардык жардам аракеттерине баа берди. 

Денис Браун : "15-16-июнда Швейцариянын жетекчилигинде боло турган Украина Тынчтык саммитине байкоочу катары катыша турганын белгилеп: «Украина үчүн БУУнун уставына ылайык адилеттүү тынчтыктын түзүлүшүнөн үмүттүүбүз»,-деди. 

Россия  менен Украинанын ортосунда 2022-жылдын февраль айында башталган согуштун акыркы мезгилде күчөгөнүнө көңүл бурган Браун, бул абалдын күнүмдүк жашоону жана жардам аракеттерин үзгүлтүккө учуратканын белгиледи.

Швейцарияда эртең баштала турган Украина тынчтык саммитине БУУнун "байкоочу" катары катышарын белгилеген Браун : "Украина үчүн адилеттүү тынчтыкты коргоону улантабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар