Украинанын президенти Россиянын Харьковго кол салуу толкунун баштагандыгын билдирди

Зеленский өлкөсүнүн борбор шаары  Киевде расмий жолугушууларды өткөргөн Словакиянын президенти Зузана Чапутова менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2138272
Украинанын президенти Россиянын Харьковго кол салуу толкунун баштагандыгын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Украинанын Харьков облусунда жаңы кол салуу толкунун баштаганын билдирди.

Зеленский өлкөсүнүн борбор шаары  Киевде расмий жолугушууларды өткөргөн Словакиянын президенти Зузана Чапутова менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Орус армиясынын Харьков облусуна жаңы кол салуусу тууралуу  суроого жооп берген Зеленский : " Билдирүүлөрдүн баарынын туура жана адилеттүү деп ойлоймун. Россия бул багытта (Харьков облусу)  жаңы кол салуу толкунун баштады",- деди.

Украина армиясынын орус аскерлерине катуу артиллериялык аткылоо менен жооп бергенин белгилеген Зеленский, украин командирлеринин бул аймакта ыктымалдуу кол салууга даяр экендигин айтты.

Ошол эле учурда Украинанын Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен Харьков аймагындагы акыркы абал тууралуу маалымат берилди. 

Билдирүүдө орус армиясынын чабуулдарынын мизин кайтарып, коргонуунун күчтөндүрүлүшү үчүн аймакка резервдик аскерлердин жиберилгени белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар