Путин АКШга таандык активдердин колдонулушуна уруксат берди

Владимир Путин өлкөсүндө АКШга же АКШ менен байланыштуу фирма жана кишилерге таандык активдердин Россия же Россиянын Борбордук банкына берилген зыяндын  ордун толтурууда колдонууга уруксат берди.

2143554
Путин АКШга таандык активдердин колдонулушуна уруксат берди

 Россиянын президенти Владимир Путин өлкөсүндө АКШга же АКШ менен байланыштуу фирма жана кишилерге таандык активдердин Россия же Россиянын Борбордук банкына берилген зыяндын  ордун толтурууда колдонууга уруксат берди.

Путин кол койгон Россиядагы АКШга таандык активдерге карата ташталышы болгон кадамдарды камтыган жарлык өлкөнүн мыйзамдуу куктук маалымат системасында жарыяланды.

Ушуга караганда АКШ тарабынан зыян тарткан укук ээлери Россиядагы сотторго доо арыз менен кайрыла алышат жана АКШнын жана АКШга тиешелүү компаниялардын жана жеке адамдардын өлкөдөгү мүлктөрү аныкталган зыяндын ордун толтуруу үчүн колдонула алат.

Жарлыкта Россия Борбордук банкына таандык болгондор да болгон АКШда тоңдурулган орус активдеринин ордуна Россияда колдонула ала турган АКШ активдеринин аныкталышы үчүн өкмөткө ыйгарым укук берилди.

АКШнын сенаты 24 - апрелде Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жөнөтүүнү жактырды.

Батыш өлкөлөрү Россияга тиешелүү болжол менен 300 миллиард долларлык активдерди тоңдурган.



Тектеш кабарлар