Байден Сиси жана Шейх Темим менен Газа тууралуу үйлөштү
АКШнын президенти Жо Байден Египет жана Катардын лидерлери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө Газада ок атышпоонун болушу жана барымталардын бошотулушу үчүн Хамастагы таасирин колдонууларын суранды.
АКШнын президенти Жо Байден Египет жана Катардын лидерлери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө Газада ок атышпоонун түзүлүшү жана барымталардын бошотулушу үчүн Хамастагы таасирин колдонууларын суранды.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Жо Байден Египеттин президенти Абдулфеттах ес- Сиси жана Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Байден Газа тууралуу учурда сүйлөшүлүп жаткан жана Египет менен Катар да катышкан ок атышпоо сүйлөшүүлөрү тууралуу процессти кенен түрдө карап чыгып, Сиси менен Шейх Темимге бул туураkуу аракеттеринен улам ыракмат айтты.
Хамас столдогу сунушту кабыл ала турган болсо, Газада дароо ок атышпоонун түзүлөрүн, аймакка интенсивдүү гуманитардык жардамдардын кирерин жана Хамас тарабынан барымтадагылардын бошотула турганын белгилеген Байден Египет жана Катар лидерлеринен ок атышпоо келишими боюнча Хамастагы таасирлерин колдонууларын суранды.
Египет жана Катардын ортомчулугу менен даярдалган жаңы бир ок атышпоо жана өз ара туткундарды алмаштыруу келишими сунушунун 26 -апрелде Хамаска сунушталгандыгы, Хамастын сунуш боюнча иштегендиги жана жакында жооп берери билдирилген.
Ок атышпоо келишими процессине байланыштуу Египет басма сөзү Хамас делегациясынын Каирден чыккандыгын жана Египеттин Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишими сунушуна жазуу түрүндө жооп берерин билдирген.