АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантат

Ллойд Остин курамына көбү Европадан 50гө жакын өлкө кирген Украина коргонуу байланыш тобунун 22-видеоконференция жыйынында сөз сүйлөдү.

2141993
АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин өлкөсүнүн Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта турганын айтты.

Ллойд Остин, курамына көбү Европадан 50гө жакын өлкө кирген Украина коргонуу байланыш тобунун 22-видеоконференция жыйынында сөз сүйлөдү.

Орусиянын Украинадагы аскерий операцияларынын күчөшүнөн улам "Биз кыйын учурда жолугушуп жатабыз",- деген Остин: "Украинага муктаж болгон колдоону берүүнү улантабыз. АКШ өз милдетин аткарууга чечкиндүү",-деди.

Остин, шашылыш түрдөгү жардамдардын Украинага жеткирилгенин белгилеп, «Жөнөтүлгөн коопсуздук жардамы бул күрөштө чыныгы айырмачылыкты жаратат»,-деп айтты.

Украина коргонуу байланыш тобунун Украинага 2022-жылдын февраль айында Орусия менен согуш башталгандан бери 95 миллиард доллардан ашык аскердик жардам көрсөткөнүн маалымдаган Остин, Украинанын коопсуздугу европалык жана глобалдык коопсуздуктун, ошондой эле АКШнын коопсуздугунун да борборунда экенин баса белгиледи.

Украинага көрсөтүлгөн 95 миллиард доллардан ашык аскерий жардамдын 50,6 миллиард долларга жакыны АКШ тарабынан берилди.



Тектеш кабарлар