Хуситтер эки кемени бутага алышты
Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук командирлигинин (CENTCOM) билдирүүсүндө орун алды.
Йемендеги Иран колдогон хуситтер Кызыл деңиздеги соода кемелерин бутага алууну улантууда.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук командирлигинин (CENTCOM) билдирүүсүндө,«Йемендин хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарынан Кызыл деңизге, Антигуа жана Барбуда желектүү, Либерия башкарган MV MAISHA жана Улуу Британияга таандык, Панама желектүү, Сейшел аралдары башкарган MV Andromeda Star кемелерине жакын жерге үч баллистикалык ракетасын учурду» деп айтылды.
MV Andromeda Star бир аз зыянга учурап, бирок сапарын улантканы кабарланган.
"Учурда АКШ, коалиция же коммерциялык кемелер тарабынан билдирилген эч кандай жаракат алгандар жана башка кыйроолор жок" деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.