Грецияда НАТОнун танктарын ташыган темир жол тосулду

Грециянын Коммунисттик партиясынын (ККЕ) мүчөлөрүнүн бир тобу Дедеагач шаарындагы темир жолдо согушка каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

2119638
Грецияда НАТОнун танктарын ташыган темир жол тосулду

Грециянын Александруполи (Дедеагач) шаарында согушка каршы бир топ активисттер темир жолго тосмо куруп, АКШ  жана НАТОго таандык танкаларды ташыган поездди тосушту.

Грециянын Коммунисттик партиясынын (ККЕ) мүчөлөрүнүн бир тобу Дедеагач шаарындагы темир жолдо согушка каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Активисттер «Дедеагач империалисттердин сепили эмес, элдин порту» деген ураандар менен чыгышты.

Активисттер поезд жолунда тосмолорду куруп, АКШ менен НАТОнун танктарын ташыган поездди токтотушту.

Палестинанын желектери да көтөрүлгөн акцияда бир демонстрант поезддеги танктын бетине «Киши өлтүргүчтөр, үйүңөргө кайткыла» деп жазды.

Түркия менен Болгариянын чек арасына жакын жайгашкан Дедеагач Украина-Орусия согушунан кийин НАТОнун аскердик техникасын Румыния жана Болгария аркылуу Чыгыш Европага ташуунун альтернативалуу жолу болуп калды.



Тектеш кабарлар