Орусия: "Үч жерди көзөмөлгө алдык"
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.
2140024
![Орусия: "Үч жерди көзөмөлгө алдык"](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4321/6429/ae4f/6644997b2b3f3.jpg?time=1722046369)
Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын Харьков облусунда 2 жана Запорожье облусунда 1 отурукташуу жеринин көзөмөлгө алынганын жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.
Орус куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттеринин натыйжасында кээ бир отурукташуу жерлеринин көзөмөлгө алынганы кабарланган маалыматта, түндүктөгү аскер бөлүктөрүнүн Харьков аймагындагы Глубокое жана Лукянцы отурукташуу жерлерин басып алганы белгиленди.
Билдирүүдө Орусиянын Днепр аскер бөлүктөрүнүн да Запорожье аймагындагы Работино конушун көзөмөлгө алганы айтылды.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722046370)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.