Зеленский Испания менен Португалияга сапарларын токтотту
Украинанын президенти Испаниядан кийин Португалияга барууну пландап жаткан.
![Зеленский Испания менен Португалияга сапарларын токтотту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/583b/b057/38ca/651e968d40f12.jpg?time=1722046750)
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын акыркы күндөрү Харьков шаарына күчөгөн чабуулдарынан улам Испания жана Португалияга пландаган сапарларын токтотту.
Испаниянын Королдук сарайы, Зеленский менен король Фелипе VIнын жума күнгө пландаган жолугушуусунун жокко чыгарылганын жарыялады.
Зеленскийдин Мадридде Испаниянын королу Фелипе 6 жана премьер-министр Педро Санчес менен жолугушууларды өткөрүшү, коопсуздук жана коргонуу тармагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюусу күтүлүп жаткан.
Украинанын президенти Испаниядан кийин Португалияга барууну пландап жаткан.
Дипломатиялык булактар Орусиянын Харьковго чабуулу күчөгөндүктөн Зеленскийдин бул эки өлкөгө сапарын жылдырууга аргасыз болгонун билдиришти.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722046751)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.