Орусияда президенттик шайлоо башталды
Шайлоодо азыркы президент Владимир Путин менен дагы үч талапкер ат салышат.
Орусияда эртең жана жекшемби күнү да улана турган 3 күндүк шайлоо процесси башталды.
Шайлоодо 112 миллион 309 миң шайлоочу добуш берет.
Орусия 2014-жылы Украинадан аннексиялап алган Крымдан тышкары Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьеде да добуш берүү болот.
Шайлоодо азыркы президент Владимир Путин менен дагы үч талапкер ат салышат.
Шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер президент болот.
Өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келе жаткан 71 жаштагы Путиндин жарышта жеңип чыгаары анык.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Орусия: "Үч жерди көзөмөлгө алдык"
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.