Израиль Газадагы көрүстөндү бомбалады

Газанын түндүгүндөгү Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Ахмед ел-Кахлут билдирүү жасады.

2110435
Израиль Газадагы көрүстөндү бомбалады

Израилдин согуштук учактары, Газа тилкесинин түндүгүндөгү «Жебалия» качкындар лагеринде мурдагы кол салууларда өлтүрүлгөн жүздөгөн палестиналыктар чогуу көмүлгөн көрүстөндү бомбалады.

Газанын түндүгүндөгү Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Ахмед ел-Кахлут, Израилдин согуштук учактарынын «Жебалия» качкындар лагеринде мурдагы кол салууларда өлтүрүлгөн жүздөгөн палестиналык көмүлгөн көрүстөнгө абадан кол салганын айтты.

Кахлут бул жерге көмүлгөн сөөктөрдүн бомбалоодон улам топурактын астынан чыгып калганын, жарандык коргонуу топторунун сөөктөрдү кайра көмүү үчүн аракет кылып жаткандарын маалымдады.

7-октябрдан бери уланып жаткан кыргында каза болгон миңдеген кишиге мүрзөлөрдө орун таба албаган Газа эли сөөктөрдү массалык көрүстөнгө көмүүгө аргасыз болууда.



Тектеш кабарлар