Иорданиядан Газага гуманитардык жардам
Иордания Газа тилкесиндеги аялдарга жеткирилиши үчүн гигиеналык буюмдарды ташыган 2 учакты Египетке жөнөткөнүн жарыялады.
![Иорданиядан Газага гуманитардык жардам](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/466f/7a02/699b/65dde672b9bb0.jpg?time=1719032147)
Иордания 7-октябрдан бери Газага 380 фура жана 60 учакка жүктөлгөн гуманитардык жардам жөнөттү.
Иордания Газа тилкесиндеги аялдарга жеткирилиши үчүн гигиеналык буюмдарды ташыган 2 учакты Египетке жөнөткөнүн жарыялады.
Иорданиялык Хашими жардам уюмунун билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар бөлүмүнүн кызматташтыгында Газадагы аялдар үчүн гигиеналык материалдар толтурулган 2 учактын жиберилгени белгиленди.
Газадагы аялдарга жеткириле турчу 40 тоннадан ашык гигиеналык буюмдарды ташыган 2 учактын алгач Египетке жете турганы, жардамдардын Рефах чек ара бекетинен Газага кирери кабарланды.
Билдирүүдө Израилдин кол салуулары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага медициналык, азык-түлүк жана жардам материалдарын ташыган 380 фура менен 60 учактын жиберилгени маалымдалды.