Столтенберг убагы келгенде Украина НАТОго мүчө боло турганын айтты

Столтенберг өзүнүн X платформасындагы эсебинен Орусия-Украина согушунун 2 жылдыгына карата видео кайрылуусун бөлүштү.

2106961
Столтенберг убагы келгенде Украина НАТОго мүчө боло турганын айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг убагы келгенде Украина НАТОго мүчө боло турганын айтты.

Столтенберг өзүнүн X платформасындагы эсебинен Орусия-Украина согушунун 2 жылдыгына карата видео кайрылуусун бөлүштү.

«Согуш талаасындагы кырдаал олуттуу бойдон калууда. (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин Украинага үстөмдүк кылуу максаты өзгөргөн жок. Анын тынчтыкка даярданып жатканынын белгилери байкалган жок»,-деп айткан Столтенберг буга каршы Украинанын Орусияны басып алган жерлеринин жарымынан жана Кара деңиздин көбүнөн сүрүп чыгарганын белгиледи.

Столтенберг НАТО шериктештеринин аскердик жана экономикалык колдоосунун бул абалда маанилүү роль ойногонун белгилеп, шериктештердин өткөн жумаларда миллиарддаган долларлык жаңы жардам пакеттерин жарыялаганын эске салды.

Путиндин бул согушту НАТОго бөгөт коюу жана Украинанын мүчөлүгүнө бөгөт коюу үчүн баштаганын белгилеген Столтенберг, тескерисинче Украинанын НАТОго мурдагыдан да жакын болуп калганын баса белгиледи.

НАТОнун баш катчысы: «Украина НАТОго кошулат, бул убакыт маселеси. Биз сиздерди ал күнгө даярдап жатканда НАТО Украинанын жанында болууну улантат»,-деди.

НАТО менен Украинанын ортосундагы карым-катнаштарды кийинки деңгээлге көтөрүү үчүн түзүлгөн НАТО-Украина Кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Орусиянын согуш кылмыштары үчүн жооп бериши керектиги жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык планы толугу менен колдоого алынганы айтылды.

Билдирүүдө, «Украинанын келечеги НАТОдо» деген сөз камтылган.



Тектеш кабарлар