Силва : «Газа тилкесинде Палестина калкына болгон окуя тарыхта болгон эмес»

Африка Биримдиги саммитине катышуу үчүн Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебага барган Лула да Силва Израилдин Газа тилкесине кол салууларына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2104113
Силва : «Газа тилкесинде Палестина калкына болгон окуя тарыхта болгон эмес»

Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва : «Газа тилкесинде Палестина калкына болгон окуя тарыхта башка эч бир убакта болгон эмес. Чындыгында, Гитлер жөөттөрдү өлтүрүүгө чечим чыгарганда болгон»,-деди.

Африка Биримдиги саммитине катышуу үчүн Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебага барган Лула да Силва Израилдин Газа тилкесине кол салууларына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады. Лула : «Газа тилкесинде болуп жаткандар согуш эмес, геноцид. Бул аскерлердин аскерлерге каршы согушу эмес. Бул жогорку даярдыктагы армия менен аялдар жана балдардын ортосундагы согуш»,-деди.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларынын Холокост менен бирдей экенин белгилеген Лула : «Газа тилкесинде Палестина калкына болгон окуя тарыхта башка эч бир убакта болгон эмес. Чындыгында, Гитлер жөөттөрдү өлтүрүүгө чечим чыгарганда болгон»,-деп айтты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Бразилиянын президенти Силванын Израилдин Газадагы аракеттерин Гитлердин жөөттөрдү кырганына салыштыруусуна реакция кылып, «кызыл сызыктан өттү» деди.

Нетаньяху жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Силванын сөздөрүнүн «уят жана коркунучтуу» экенин айтып, мунун «Холокостту тривиалдаштыруу жана Израилдин өзүн коргоо укугуна зыян келтирүү» экенин айтты.

Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катц да Бразилиянын Израилдеги элчиси "айыптоо үчүн чакырыларын" билдирди.

Катц Силванын сөздөрү "уят жана катаал" деп ырастады.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында эң аз 12 миң 660ы бала, 8 миң 570и аял болгон 28 миң 985 палестиналык каза болуп, 68 миң 883 киши жараланды.



Тектеш кабарлар