Орусия-Украина кагылышуусу

Украина Орусиянын кол салганын билдирди.

2099081
Орусия-Украина кагылышуусу

Украина борбор шаар Киев менен бирге 4 аймакка Орусиянын күчтүү ракеталык кол салууларында көп сандаган кишинин жараланганын кабарлады.

Ракеталардын Киевге ар кайсы багыттан бир нече толкун түрүндө тийгени айтылды.

Көптөгөн кишинин жаракат алганы белгиленген билдирүүдө, электр жана байланыш линияларынын жабыркаганы маалымдалды.

Ошондой эле жалпысынан 44 орусиялык ракета жана учкучсуз аппараттын жок кылынганы жарыяланды.

Фронттогу аскерий мобилдүүлүк көңүлдөрдү бурса, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде, 3-февралда Луганкста 28 адамдын өмүрүн алган кол салуу үчүн Украинаны айыптады.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия кол салуунун Украина тарабынан жасалганын тастыктаган «четке кагылгыс» далилдер бар экенин жактап, АКШ менен кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн «шериктештери» экенин айтты.

АКШ менен Британиянын БУУдагы элчилери Москванын айыптоосуна каршылык көрсөтүштү.

БУУ Украина-Орусия согушунун биринчи күнүнөн бери 10 миң 382 кишинин каза болгонун, 19 миң 659 кишинин жараланганын жарыялады.

Украинада 2023-жылы азайган жарандык жоготуулардын декабрь айынан тарта «кайрадан олуттуу түрдө көбөйө баштаганына» көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар