Греция Кызыл деңизде операцияны башкаруу борборунун Лариса болушун сунуштай турганын белгиледи
Грециянын коргоо министри Никос Дендиас Европа Биримдигине өлкөсүнүн Кызыл деңиздеги Европа операциясынын башкаруусун өз мойнуна алуусун жана операцияны башкаруу борборунун Лариса болушун сунуштай турганын белгиледи.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин коргоо министрлеринин жыйынынан мурда сөз сүйлөгөн Дендиас бүгүнкү жыйында Украинадан тышкары Европанын коргонуу өнөр жайы сыяктуу темалардын да карала турганын жана мунун өзгөчө Греция үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Кызыл деңиздеги Европа операциясынын да жыйында күн тартибине келерин белгилеген министр Дендиас : "Операциянын башкаруусун Грециянын моюнга алышын жана Лариса командирлик борборунун операциясынын борбору болушун сунуш кылабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Орусия: "Үч жерди көзөмөлгө алдык"
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.