БУУнун өкүлү: "Израиль Газага жардам көрсөтүүгө бөгөт коюуда"

Филипп Лаззарини Египет өкмөтүнө жакын Аль-Каир аль-Ихбарийе каналына берген билдирүүсүндө Газадагы кырдаалга токтолду.

2088703
БУУнун өкүлү: "Израиль Газага жардам көрсөтүүгө бөгөт коюуда"

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини, Израилдин Газа тилкесине жардамдардын киришине тоскоол болуп жатканын билдирди.

Филипп Лаззарини, Египет өкмөтүнө жакын Аль-Каир аль-Ихбарийе каналына берген билдирүүсүндө Газадагы кырдаалга токтолду.

БУУнун жооптуусу: «Египет тарап окуялар башталгандан бери Рефах чек ара бекетин бир күн болсо да жапкан жок. Газа тилкесине жардам жеткирүүнү үзгүлтүккө учураткан жана тоскоолдук кылган берки тараптын (Израиль) иш-аракеттери»,-деди.

UNRWA комиссары Лаззарини, Израилдин ченемсиз  салууларына көңүлдөрдү буруп, «Дүйнө Израилдин өлүм машинасынын бейкүнөө адамдарды кырып жатканына күбө болду»,-деп айтты.

Ал арада Израиль күчтөрүнүн 100 күндөн бери кол салууларын уланткан Газа тилкесинде азык-түлүк жардамын алуу үчүн чогулган миңдеген палестиналыктарга ок атуусунун натыйжасында көп сандаган киши жараланды.

Миңдеген палестиналык эл аралык жардам уюмдары тарабынан жеткирилген азык-түлүк жардамын алуу үчүн Газанын Тел эл-Хева районундагы Эр-Рашид көчөсүнө чогулушкан.

Израиль аскерлери, жардам алуу үчүн чогулган миңдеген палестиналыктарды оор куралдар менен аткалады.

800 миңдей палестиналык ачарчылык жана суусуздук коркунучу алдында турган Газа тилкесинин түндүгүнө бир айдан бери биринчи жолу кечээ азык-түлүк жардамы жетти.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Күчөгөн чыңалууда болжол менен 24 миң палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар