Путин: "Европанын эң чоң экономикасыбыз"

Владимир Путин Орусиянын Хабаровск шаарында өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

2087341
Путин: "Европанын эң чоң экономикасыбыз"

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн экономикасына баа берип: «Германияны артка калтырдык жана дүйнөдө бешинчи орунга көтөрүлдүк. Кытай, АКШ, Индия, Япония жана Орусия. Биз Европада биринчибиз»,- деди.

Владимир Путин Орусиянын Хабаровск шаарында өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

Орусиянын Борбордук банкынын убакыттын өтүшү менен пайызын төмөндөтөөрүнө ишенгенин белгилеген Путин, чет өлкөлөрдүн Орусияга кысым көрсөтүп жатканына да көңүл буруп: «Алар бизди ар тараптан муунтууга аракет кылып жатышат жана биз кысымга кабылдык. Ошентсе да Европадагы эң чоң экономикабыз. Германияны оозуп өтүп, дүйнөдө бешинчи орунга көтөрүлдүк. Кытай, АКШ, Индия, Япония жана Орусия. Биз Европада биринчибиз»,-деп айтты.

Орусиянын сатып алуу күчү паритети боюнча болсо бүткүл Европаны артка калтырганын белгилеген Путин, киши башына улуттук киреше жагынан дагы көп иштөөлөрү керектигин жана кылына турчу иштеринин бар экенин билдирди.



Тектеш кабарлар