АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 1 - январда ооруканага жаткырылды

Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Пэт Райдер министр Остиндин ден соолугуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2085077
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 1 -  январда ооруканага жаткырылды

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Остиндин 1 - январда ооруканага жаткырылганы,   абалы жакшы экендиги билдирилди.  

Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Пэт Райдер министр Остиндин ден соолугуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Райдер Остиндин  болгон бир  операциядан кийинки кыйынчылыктан улам 1-январда ооруканага жаткырылгандыгын белгиледи. 

Остиндин айыгуу процессинин жакшы бара жаткандыгын айткан Райдер министрдин кызматына кайтып келишинин күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи. 

Коргоо министрлигинин медиа мекемелеринин өкүлү Пентагон басма сөз коому абалдын кеч билдирилиши тууралуу "тынчсызданууларын" белгиледи. 

Пентагон басма сөз коому берген жазуу түрүндөгү маалыматта коомчулуктун мындай абалдарды билүү укугунун бар экендигин баса белгилеп Пентагондун бир канча күндөн кийин коомчулукка маалымат беришин "уят" деп  мүнөздөдү. 

CNN билдиргендей, Райдер андан кийин медициналык купуялуулукка шылтоолоп, башка факторлорду эске алуу керектигин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар