АКШ борбору Россия болгон фирма жана кишилерди санкция салуу тизмесине алды

Америка Кошмо Штаттары Россиядагы  3 фирма менен 2 адамды Түндүк Корея менен Россиянын ортосундагы «курал алмашууга көмөктөшкөн» деген негиз менен санкция тизмесине киргизди.

2140868

АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө, санкция тизмесине Rafort Limited Company, Trans Kapital Limited Company, Technology жана OOO аттуу компаниялардын киргендиги айтылды.

Билдирүүдө  Rafort Limited Company фирмасынын башкаруучуларынан Рафаэль Анатолиевич Газарян жана Tekhnologiya, OOO фирмасынын ээси Алексей Будневге да санкция салынгандыгы маалымдалды. 

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да санкцияларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул фирмалар жана жеке адамдардын Бириккен Улуттар Уюмунун Түндүк Кореяга каршы санкцияларын «бузганын» белгиледи.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чжондун Россияга "курал экспорттоо" боюнча ырастоолорун четке какты.

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук кабар агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, Ким Йо Жонг, Түндүк Кореянын курал системаларынын Россияга экспорттолгондугу жөнүндөгү дооматтардын жаңылыш көз караш жана ойдон чыгарылгандыгын айтып, аскердик тармакта  технологияларын  кандайдыр бир өлкөгө трансфер кылуу же   коомчулукка жарыялоо ниетинин жок экенин билдирди. 

Тектеш кабарлар