АКШ Нетаньяхуну Конгрессте сөз сүйлөөгө чакырды

АКШ Конгрессиндеги республикачыл жана демократ лидер Израиль менен тилектештиктерин көрсөтүү максатында премьер- министр Беньямин Нетаньяхуну Конгресстеги биргелешкен жыйынында сөз сүйлөөгө чакырды.

2147317
АКШ  Нетаньяхуну Конгрессте сөз сүйлөөгө чакырды

АКШ Конгрессиндеги республикачыл жана демократ лидерлер Израиль менен тилектештиктерин көрсөтүү максатында премьер- министр Беньямин Нетаньяхуну Конгресстеги биргелешкен жыйынында сөз сүйлөөгө чакырды.

АКШ Конгрессинин демократ жана республикачыл лидерлери жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин премьер - министри Нетаньяхуну Вашингтонго чакырышканын билдиришти.

Чакыруу Өкүлдөр парламентинин спикери республикачыл Майк Жонсон, сенаттагы көпчүлүктүн лидери демократ Чак Шумер, сенаттагы азчылыктын лидери республикачы Митч МакКоннелл жана Өкүлдөр палатасынын азчылыгынын лидери демократ Хаким Жеффрис тарабынан Нетаньяхуга жиберилди.

Конгресс лидерлери чакыруусунда : «АКШ менен Израилдин ортосундагы тилектештикти баса белгилөө максатында Израиль өкмөтүнүн демократияны жактоо, террор менен күрөшүү жана аймакта туруктуу жана адилеттүү тынчтык көз карашын бөлүшүү үчүн силерди чакырабыз»,- деп айтылды.

Нетаньяхунун качан АКШ конгрессине кайрылары так эмес экендиги бирок жакынкы учурда Вашингтонго баруусунун күтүлүп жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар