Нетаньяху : "Рефах опеарциясы көптөгөн маселени чечет"

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Газанын түштүгүндөгү Рефахка пландалган кол салуунун көптөгөн маселени чече тургандыгын айтты.

2140821
Нетаньяху : "Рефах опеарциясы көптөгөн маселени чечет"

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Газанын түштүгүндөгү Рефахка пландалган кол салуунун көптөгөн маселени чече тургандыгын айтты.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда, Беньямин Нетаньяху Газа чек арасына жакын жерде аскердик аба шоусуна катышты. 

Нетаньяху бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : "Рефах операциясы көптөгөн маселени чечет. Бул Хамастын калган бригадаларынын жеңилүүгө учуратуу менен эле чектелбейт ошол эле учурда качуу жана кошумча күч үчүн колдонгон туннелдерди да камтыйт",- деди. 

Нетаньяху азыр абдан маанилүү согушка күбө болгондорун жана бул аяктаганда душманды жеңүүгө жакындай тургандарын айтты.

Хамастын 7- октябрдагы чабуулун алдын ала көрө албагандыктан кызматтан кетүүнү ойлогондугу же ойлобогондугу тууралуу суроого : «Ийгиликсиз болуу маселеси мени менен бирге өкмөттүн ар бир мүчөсүнө  тиешелүү, бирок азыр биздин бир гана ойлонгон нерсебиз жеңиш.Жүздөгөн аскерибиз  каза болду. Жеңишке жетишүүбүз үчүн согушуту",- деди. 

Израиль армиясы 6 - майда жасаган билдирүүсүндө мажбурлоо менен жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рефахтын чыгышындагы айрым маалалардын бошотулушун талап кылып, 7 -  май күнү эрте менен да Газанын Рефах аймагына кургактыктан кол салуу баштап Египет менен  болгон чек ара капкасынын Газа тарабын колго алгандыгын жарыялаган. 

 

 



Тектеш кабарлар