Кубанын президенти дүйнөнү геноцидге каршы чукул чара көрүүгө чакырды

Канель X социалдык медиа баракчасынан Израилдин кол салууларында каза болгон палестиналык жарандардын видеосун бөлүштү.

2082955
Кубанын президенти дүйнөнү геноцидге каршы чукул чара көрүүгө чакырды

Кубанын президенти Мигель Диас Канел, Израилдин Газада уланып жаткан кол салууларына байланыштуу: «Дүйнө геноцидге каршы чукул чара көрүшү керек»,- деди.

Канель X социалдык медиа баракчасынан, Израилдин кол салууларында каза болгон палестиналык жарандардын видеосун бөлүштү.

Кубанын президенти өз билдирүүсүндө: «Дүйнө геноцидге каршы чукул чара көрүшү керек. Палестина элине карата зордук-зомбулукту Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттердин жөөттөргө  жасаганы менен гана салыштырууга болот. Мындай абалга дуушар болгон элдин башка жерде муну жасаганы ырайымсыз карама-каршылык»,- деди.

Канел 29-декабрдагы билдирүүсүндө да: «Израиль Палестина элине кылган мыкаачылыгын токтотушу керек» деп бөлүшкөн эле.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карай «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 22 миңге жакын палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар